Ош облусунун Өзгөн районунун Мырзаке айыл аймагына караштуу Бабур айылында 7 жаштагы кыз сууга агып каза болду. Мындай маалыматты бүгүн, 20-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7 жашар кыз ойноп жатып Базар-Арык суусуна агып кеткен. Издөө иштерин кыздын туугандары жана жергиликтүү тургундар жүргүзүшкөн. Саат 15:05тер чамасында кыздын жансыз денеси табылган.
Ушундай эле окуя Сокулук районунда катталган. Анда Төш-Булак айылы аркылуу агып өткөн Сокулук суусуна 10 жашар кыз түшүп агып кеткен. Издөө иштерине 5 куткаруучу тартылган. Табышкан эмес. Издөө иштери 20-июль күнү улантылат.
Мындан сырткары Нарын районунун Хутор Ак-Талаа айылында Чоң-Кажырты суусуна Хонда Степ үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен, унаанын ичинде 4 адам болгон. 3 адам унаадан тирүү чыгып, 1 адам (4 жаштагы жаш бала) агып кеткен. Издөө иштерине 4 куткаруучу тартылып, табылган жок. Издөө иштери бүгүн, 20-июль күнү улантылат.