Түркиянын Мармарис шаарынын мейманканаларынын биринде 2 кыргыз кыз сойкулукка шектелип кармалышты. Бул тууралуу Нurriyet басылмасы жазып чыкты.
Полицияга мейманканада сойкулук менен алектенгендер тууралуу маалымат түшкөн. Алар жүргүзгөн иштин жыйынтыгында түнкү саат 2лер чамасында полициянын колуна жалпысынан 4 адам түшкөн. Кармалгандардын экөө Кыргыз жарандары экени жазылат маалыматта, бири 23 жаштагы Т.Б., экинчиси 44 жаштагы Б.Д. Алардан тышкары 27 жаштагы С.Й. жана 23 жаштагы Х.Й. кармалышкан.
Кыргыз жарандардын айтымында, аларды Мая аттуу аял үй жумушчусу болуп иштөө үчүн Мармариске чакырып, сойкулукка мажбурлаган. Кыргыздарды мекенине кайтаруу үчүн Иммиграция башкармалыгына жеткиришкени маалым болду. Ал эми калган эки жаран полиция участогунда. Сойкулукка мажбурлаганга шектүү аялды издөө иштери жүрүп жатканы белгилүү болду.