Мындан 6 жыл мурун, 2011-жылдын 20-июлунда Фергана өрөөнүндө жер титирөө болуп, 13 адам каза болгон. Анын күчү 6,1 баллга жетип, Өзбекстан, Тажикстан жана Кыргыз жеринде турак үйлөр кыйроого учураган. Андан сырткары 100гө жакын адам денесинен ар кандай жаракаттарды алышкан. Жабыркагандардын 15и Кыргыз жарандары болушкан.
Жер титирөөнүн кесепетинен Баткен-Ош унаа жолу тоо тектеринин урандысынан улам жабылып, Баткен, Ош облусундагы бир катар айылдар электр жарыгысыз калган.
20-июлга карата жылнаама.