Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан каза болгондордун баарынын аты-жөнү такталды (тизме)

Кечээ, 20-июлда эртең менен Бишкек-Ош унаа жолунун 468-чакырымында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, Хонда Степвагон үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Анын кесепетинен жеңил унаа оодарылып, аны артында келе жаткан Хонда Одиссей сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен Хонда Степвагондун ичиндеги 8 адам (3 аял, 4 эркек жана 1 кичинекей кыз) окуя болгон жерден каза болгон. Алардын баарынын аты-жөнү такталды.

1. Эрмекбай Жунусмамат уулу, 1994-жылы Өзгөн районунун Ана-Кызыл айылында туулган;

2. Шамшидин Бердибеков, 1970-жылы Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында туулган;

3. Адинахан Дусматова, 1973-жылы Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында туулган;

4. Малика Асанова, 2014-жылы Өзгөн районунун Куршаб айылында туулган;

5. Гүлнара Төрөгелдиева, 1965-жылы Кара-Кулжа районунда туулган;

6. Фатима Толубаева, 1979-жылы Кара-Суу районунда туулган;

7. Исламбек Бактыбеков, 2000-жылы Өзгөн районунун Кароол айылында туулган;

8. Алмазбек Султанов (туулган жылы, жерлиги тактала элек).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (39)
Mikra
2017-07-21 12:05:39
Оо Аллах озун сактайгоор.жаман иш болуптур.кайтпас жака кетишиптир.Беийишинден берегоор.Жакындарына терен конул айтам.шафер ким болдукен.так малымат билгендер болсо жазып койгулачы.каяктан болот экен.Отунчиевна жолу аябай начар корунгон жерди казып ункур чункур болчу.ондобогондон кийин казбай эле коюшпаптыр.жолчулар куноолу.6 айдан бери жатат казылып.12 саатта жеткенбиз биз.Чондор куноолу барына.жолду ондоп шарт тушуп бериш керек эле.ар бир машинадан 40 сомдон алышат ошол акчалары кайда жумшашат
0
Anucha
2017-07-21 12:20:26
Жолду карпа айдагылачы,пулду карабай
+1
tolikjarmuhamedov
2017-07-21 12:26:43
Правый руль машиналарды жок кылыш керек
+1
Almazbek1980kg.
2017-07-21 13:32:14
Айланайын айдоочу ылдамдыкты азайт!
Биздин жолдор талапка жооп бербейт таар.
+1
arzygulR
2017-07-21 14:02:11
Жайткан жерлери жайлуу болсун
0
BekAmir
2017-07-21 14:22:09
Он рульдуу машиналарды жок кылук керек
+1
baltabaev
2017-07-21 14:34:54
Он руль менен праваны саткан паракорлор куноолу бул кырсыка
+2
Kanatbek81
2017-07-21 15:45:24
Водитель кунолуу, катуу айдаган. Ош Бишкек жолунда степвагон минген таксистер катуу айдашат. Превышение скорости лишения прав кылыш керек перевалдарда, скрытый камера коюп чекеден лишать этсе элэ чечилет баары.
+2
nur007mir009kg
2017-07-21 17:44:12
Жаткан жерлери жайлуу болсун.
0
nazi25
2017-07-21 21:22:32
Шашпай айдагылачы айдоочулар.
0
merou
2017-07-21 23:49:26
Алмазбек Султанов менин авамдын баласы Кара кулжадан инимдин соогун бугун алпарышты уйуно толук уга элекмин авариядан каза тапты дешти жайы жаннаттан болсун макркумдардын
0
Kaldar82
2017-07-22 00:04:10
Ушул он рулду машиналарды жок кылыш керек да.
0
Firdaus-Muslim
2017-07-22 00:36:18
«Айдоочуларга эскертүү!»
Өзүңө сак бол,
Эрежеге так бол!
Барчуу жериңе жарым саат бир саат кеч барсаң эч нерсе болбойт.
Урматтуу мекендештерим унааңыздарды акырындык менен айдаңыздар! Үй-бүлөөңүздөр күтүп жатат.
+1
Adilet2014
2017-07-22 02:51:18
Степ мингендер озу бир нерсени коро тургандай катуу журушот бир да акырын жкргон степти корбойсун ээ
0
Zhoodarbek-myrza
2017-07-24 15:00:44
Айдоочунун стажына карап такси кылганга уруксат берүүгө болбойт. Себеби кээ бир айдоочулук күбөлүктөр машинасы жок керек болсо рулга отурбаган адамдардын стажы 10 жылды түзөт. Анткени кереги тийип калат деп убагында сатып алышкан. Оң рулдуу машиналардын рулун кыркыш керек, аны кергизбей койгону менен Кыргызстандын ичиндеги оң рулдуу машиналар кеминде дагы 20 жыл кызмат кылат. Өкмөттүн алсыздыгы. Башында акчасын алып киргизип алып эми мынтип айласы кетип отурат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан