Бишкекте аялын бычактап өлтүрүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя 18-июль күнү Бишкек шаарындагы Биринчи Май районунун аймагында болгон. Анда 1984-жылы туулган Б.М. аттуу жаран мас абалда дүкөнгө келип, иштеп жаткан 24 жаштагы аялын бычактап салган. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканага жеткирилип, бирок анын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болгон эмес.
Жогорудагы факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Азыркы тапта окуянын келип чыгуу себептери такталууда.