Сот эгиз кыздарды төрөп берген мурдагы аялын таш менен жанчып өлтүргөн жаранды 20 жылга кести

Баткенде 1989-жылы туулган мурдагы аялын таш менен жанчып өлтүргөн 34 жаштагы жаранды 20 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун чечими күчүндө калтырылды. Жогорку соттун маалымат кызматынан тастыкташкандай, Баткен райондук соту ушул жылдын 2-июнунда соттолуучу Э.Сны күнөөлүү деп таап, 20 жылга эркинен ажыраткан. Мындан улам 18-июлда облустук соттун соттук коллегиясы ишти карап чыгып, чечимди күчүндө калтырды.

Маалыматка караганда, 1983-жылы туулган Э.С. 2011-жылы Баткен районунун Чек айылында 1989-жылы туулган Т.Г. аттуу кызга үйлөнүп, үч балалуу (анын экөө эгиз кыздар) болгондон кийин 2015-жылы ажырашып кетишкен.

Кылмышкер Э.С. ушул жылдын 14-январында маркум Г.Т. менен телефон аркылуу байланышып, Баткен шаарынан жолугушуп, райондогу Бужум айылындагы ээн талаага барып сүйлөшүп отуруп уруша кетишкен. Ошол учурда ал аялын башка чабат. Кийин ал милицияга берип, каматып саларын айтканда таш менен башка чапкан. Жерге жыгылып калган аялы милицияга арыз жазарын кайталаганда таш менен дагы уруп, окуя болгон жерден качып кетет. Маркум ошол жерден каза тапкан. Ал эми шектүүнү райондук милиция кызматкерлери 6-февралда колго түшүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Atas
2017-07-20 19:47:58
Eh yrdagan boidon ketken eken bir ui - buloo jok boluptur biroo jerde biroo turmodo
+3
Gulum91
2017-07-20 20:13:23
Колун менен кылган ишти мойнун менен тартасын.
+3
Naiman39
2017-07-20 22:46:22
Азырак бербепсинер
-2
Djal1987
2017-07-21 01:31:58
Naiman39,сагабы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан