Нарын районунда сууга агып кеткен 2 адамды издөө иштери уланууда. Жайкысын дарыянын деңгээли көтөрүлүп издөө ишине тоскоолдук кылууда

Нарын облусуна караштуу Нарын районундагы 2 айылда, 10 жана 18-июль күндөрү Нарын дарыясына агып кеткен 2 адамды издөө уланууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгынын өрттү алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Адилет Жекшенбаев билдирди.

Эске салсак, буга чейин, тактап айтканда, 10-июлда Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылынын 30 жаштагы тургуну айылдаштары менен балык уулоого барып, сууга түшүп агып кеткен. Окуядан бери 10 күн өтсө дагы ал табыла элек. Ошондой эле 18-июлда дагы аталган районго караштуу Хутор Ак-Талаа айылынын аймагынан агып өткөн Чоң-Кажырты суусуна салынган көпүрөдөн бир автоунаа сууга түшүп кеткен. Ичиндеги 4 чоң адам суудан чыгууга үлгүрүп, 4 жашар баланы таппай калышкан. Жекшенбаевдин билдиргенине караганда, учурда эки адамды тең издөө иштери уланууда. Ошондой эле ал жайдын күнү Нарын дарыясына суу кирип, ташкыны ылдам болуп, кир агып жатышы издөө иштерине тоскоолдук жаратып жаткандыгын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан