Орусиянын Нефтеюганск шаарына жакын жайгашкан жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнө никесин каттатуу үчүн келген 2 жигиттин ортосунда мушташ чыкты. Орусиялык маалымат булактарынын кечээ, 20-июлда жазган маалыматына ылайык, мушташты видеокөзөмөл жаздырып калган.
Окуя болгон жерге медициналык "Тез жардам" кызматы чакыртылып, андан кийин жаңжал тууралуу полицияга кабар берилген. Мушташтан жабыркаган 33 жаштагы эркек киши башынан оор жаракат алып, Нефтеюганск шаарындагы ооруканага жеткирилген.
"Жабыркаган жаран мас абалында жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүндө нике күбөлүгүн алуу үчүн келген жаш түгөйлөрдүн колуктусун шылдыңдаган. Үйлөнүп жаткан адам ага ачууланып, 2 киши мушташа кеткен. Натыйжада сабады деп шектелип жаткан киши каршылашынын саламаттыгына коркунуч жараткан бир нече сокку берген", - деп билдирген полиция бул чыр боюнча.
Кишини сабаганга шектелип жаткан жаран түгөйү менен из жашырып кеткен.