Казакстанда коррупциялык ишке шектелип жаткан адам прокурор менен полиция кызматкерине ок чыгарып андан соң өзүн өзү атып салды. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта айтылгандай, 20-июль күнү саат 14:30дар чамасында 61 жаштагы адам Фольксваген Пассат үлгүсүндөгү унаа менен келип Целиноград районунун прокуратурасынын имаратында прокурорго жана полиция кызматкерине ок чыгарып, андан соң унаасы менен качып кеткен.
Окуядан он мүнөт өткөн соң шектүүнүн жансыз денеси алыс эмес жерден, унаасынын жанынан табылган. Ал өзүн өзү жүрөк тушка атканы маалым болгон.
Кийин аныкталгандай коррупцияга каршы иш алып барган мекеме шектүүнү акча уурдоого айыптап, суракка алып жаткан. Ошондой эле аталган маалыматта жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүлүп, алардын абалы туруктуу экени айтылат.