Түркиядагы жер титирөөдөн улам жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жогу такталууда

Түркиядагы жер титирөөдөн улам жабыркагандардын арасында Кыргыз жарандарынын бар же жогу такталууда. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 21-июлда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Түркиянын Бодрум шаарында жүргөн Кыргыз жараны элдер менен чогуу түндө көчөдө түнөгөнүн, азыр да майда жер титирөөлөр болуп жатканын SUPER.KG порталына билдирди.
Айта кетсек, жер титирөө 20-июлдан 21-июлга караган түнү Түркиянын жергиликтүү сааты боюнча 01:31 чамасында болгон. АКШнын Геологиялык кызматы маалымдагандай, зилзаланын күчү 6,7 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Түркиянын Бодрум курорттук шаарынын түштүк-батышынын 10,3 чакырымынан Грециянын Кос аралынын 16,2 чакырым аралыгында жайгашкан.
Чет элдик маалымат каражаттары жер титирөөдөн улам 2 адам каза болуп, 100гө жакын адам жабыркаганын жазышты. Ошондой эле Эгей деңизинин жээгинде цунами пайда болгон. Ошол себептен тиешелүү кызматтар элди кумдуу жээктерден алыс жүрүүгө чакырууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidani
2017-07-21 12:53:47
Дагы деле титиреп атат туну менен титиреп чыкты уктай алган жокпуз, Сунами болгондо биз дениз жеегинде болчубуз, качып калганга жетиштик. Аллахым баарыбызды, боодо кврсыктан сактасын, мындай жер титироону омурумдо биринчи жолу коруп атам, жер бешик терметкендей эле термелди.
0
jbolotov
2017-07-21 14:20:39
Бузулган жерлерге Аллах ушундай каарын корсотот, Бодрум, Егей денизи турган жерлер жыланачтанып оюндагысын кылган жерлерда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан