Орусияда жол кырсыгынан 22 жаштагы келин каза болду. Анын жарандыгы такталууда

Орусияда жол кырсыгынан 22 жаштагы келин каза болду. Ал 8 айлык кош бойлуу болгон. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, кырсык 19-июль күнү Москва шаарынын Ленинград шоссесинде болгон. Анда эки жеңил унаа сүзүшүп, унаалардын биринин ичиндеги кош бойлуу келин каза тапкан. Анын ичиндеги баланы сактап калууга мүмкүн болгон эмес.

Маалыматтарда, каза болгон келиндин 22 жаштагы Алтынай Салиева экени айтылууда.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигине кайрылганыбызда, келиндин жарандыгы такталып жатканын билдиришти.

"Анын Кыргыз өлкөсүнүн жараны экендиги тууралуу так маалымат жок. Өлүк сактоочу жайдын кызматкерлери каза болгон келиндин Алтынай Салиева экенин айтышты", - дейт Орусиядагы Кыргыз элчилигинин басма сөз катчысы Гүлбарчын Байымбетова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
erkeleim
2017-07-21 20:01:04
Жайы жанаттан болсун бир боорум туугандарына сабыр
+3
Gulum91
2017-07-21 20:17:14
Э байкуш жаткан жерин жайлуу болсун жакындарына сабыр берсин Аллахым.
+5
Gulnyr19
2017-07-21 20:26:25
Жайы жаннатта болсун байкуш келин, курсактагы баласы жарык дуйнону корбой кетиптир эх аттин арман дуйно ата-эне туугандарына сабыр тилейм
+5
madina.87
2017-07-21 20:42:50
Жарандыгын эмне кыласынар,Алтынай Салиева дегенден кийин значит биздин мекендешибизда.((((((((((((
Канча омурлор жаш кыйылды.
Ичиндеги наристе жарык жашоону корбой кете берди аттин дуйно.
Олумдон башка укпай окубай калдыкго акыркы кундору.
Мадумаров айтмакчы республикалык денгээлде тулоо откозбосок болбой калды...
Бир ууч кыргыз кырылып кала турган болдук
+11
menkyrgyzkg
2017-07-21 21:33:49
Кандайча жарандыгы тактап атабыз? Кыргыздын эле жараны кечээ куну кыргызстанга алып кеттишти. Озу биздин элчиликтен эч канча жардам кутбой калган. Кыргыз Бир туугандар айласы кеткенде эле документ иштеримди менен кайрылганда очойтуп акча алганды эле билишет.
+20
kayratbek81
2017-07-21 22:00:26
Жайын жанаттан кылсын Аллахым!жакындарына сабыр
+2
jazgul81
2017-07-21 22:11:28
Жаткан жери жайлуу болсун!
+1
mikoo
2017-07-22 00:00:31
Жаткан жери жайлуу болсун!!
0
Nargiza1987k
2017-07-22 07:02:35
Бизде жумуш болсо ушинтип ар кимдин олугу ар жерде калбайт элегоооо
0
meni_kut
2017-07-22 09:25:46
мезгилден артта калдынар элчинин басма соз катчысына айтып койгула,силер жаранын тактагыча,соок мекенине келди.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан