Жыл башынан бери 93 адам сууга чөгүп, каза болду
Жыл башынан бери 93 адам сууга чөгүп, каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен SUPER.KG порталына билдиришти.
Маалыматка караганда, каза болгондордун 56сы эркек, 8и аял, 29у жаш балдар. Сууга чөккөндөрдүн көбү Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарына туура келет.
"Ал эми жайкы сезон учурунда 61 адам сууга чөгүп, каза тапкан. Алсак, Чүй облусунда 18, Нарын облусунда 2, Талас облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 10, Баткен облусунда 4, Ош облусунда 8, Ош шаарында 7, Бишкек шаарында 3 адам сууга чөккөн", - деп билдиришти ӨКМдан.