Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Алтын Кум" пансионатында 19 жаштагы бала көлгө чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, окуя 21-июль күнү күндүз болгон. Издөө иштерине 3 куткаруучу тартылган. 19 жаштагы баланын жансыз денеси саат 19:20лар чамасында табылып, туугандарына өткөрүлүп берилген.