Мындан 71 жыл мурун, 1946-жылы 22-июлда Израилдин Иерусалим шаарындагы "Падыша Давид" мейманканасын жөөт террорчулары жардырып жиберишкен. Натыйжада имараттын бир капталы урап, 91 киши көз жумган. Жардыруу аталган мейманканада штаб-квартирасы жайгашкан Палестинадагы британ администрациясына каршы багытталган. Мейманкана кызматкерлериндей болуп кийинип алган согушкерлер имараттын жер төлөсүнө жардыргыч зат коюшкан. Каза болгондордун арасында 41 араб, 17 жөөт, 28 британиялык жана 5 башка улуттардын өкүлдөрү болгон.
22-июлга карата жылнаама.