Нарын районунун Кичи-Кара-Кужур кыштоосундагы Сары-Молдо жайлоосундагы мал сарайдан белгисиз адамдар 12 баш малды союп кетишкен. Окуя 19-июлда түнү болгон деп маалымдашты Куйбышев айылынын тургундары SUPER.KG порталына.
Тургундардын айтымында, айыл тургундары малдарын багып берүү үчүн малчыга беришкен.
"Түнкүсүн сарайдагы малдарды союп, баштарын, ичеги-карын, шыйрактарын чөпкө көмүп коюшкан. Ал эми этин толугу менен унаага жүктөп кетишкен. Райондук милиция бөлүмүнө арыз жаздык. Азырынча бул ишке шектүүлөр аныктала элек. Буга чейин да кыштоодо мал уурулуктары катталып келген", - дешет куйбышевдиктер.