Бишкектеги Тыныстанов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде интернет клуб өрттөнүп кетти. Күбөлөрдүн айтымында, өрт эртең менен саат 07:10 чамасында келип чыккан. Интернет клубдан чыккан өрт жанаша жайгашкан бут кийим саткан дүкөнгө өткөн.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, тилсиз жоо саат 09:20да чектөөгө алынган.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт кырсыгынан жабыркагандар жок.