Өткөн суткада республикада 26 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 24-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 9, Чүй облусунда 9, Ысык-Көл облусунда 2, Талас облусунда 3, Ош облусунда 2, Баткен облусунда 1 өрт кырсыгы болгон.
Манас районунун Покровка айылындагы кашарда кечээ, 23-июлда саат 16:30дар чамасында өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 3 000 түк чөп, 12 тонна жыйылган чөп күйгөн. Учурда өрт эмнеден улам чыкканы такталууда.