Нарын облусунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институтунан билдиришти. Маалым болгондой, 23-июль күнү саат 16:36 чамасында Нарын облусунун Нарын, Ат-Башы жана Ак-Талаа райондорунун чектешкен тоо кыркаларынын очогунда 4,5 баллга жеткен жер титирөө болгон. Ак-Булак, Кара-Булак айылдарында 4, Куланак айылында 3,5, Баетов, Кара-Булуң, Кызыл-Туу айылдарында 3,5, Ат-Башы айылында 3, Нарын шаарында 2,5 баллга сезилген.
Ал эми 24-июль күнү саат 02:13 чамасында Тажикстандын Кыргыз мамлекетине жакын тоо кыркаларында 3,5 баллга жеткен жер титирөө болуп, Чоң-Алай районунун Алга айылында 3, Кара-Тейит, Карамык айылдарында 2,5 балл сезилген. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жер титирөөлөрдөн кыйроолор жана жабыркагандар жок экендигин кабарлады.