Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычына агып түшкөн каналга 20-июль күнү саат 15:20да 1965-жылы туулган А.Г. аттуу эркек киши агып кеткен. ӨКМнын маалымат кызматынын куткаруучулары тарабынан издөө иштери жүргүзүлгөн.
Маалым болгондой, 23-июль күнү саат 16:36да каналдан эркек кишинин жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүп берилгенин кабарлады. Сууга чөгүп кеткен адамды ӨКМнын 15 куткаруучусу, 4 милиция кызматкери, 25 жергиликтүү тургундар издеген.