60 жаштагы жаранды унаасы менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу колго түштү. Унаа сүзгөн жаран ошол жерден каза болгонун SUPER.KG'ге Чүй облустук Патрулдук милициясынын басма сөз катчысы Тилек Исаев кабарлады.
Анын айтымында, окуя 22-июль күнү кечки саат 22:00 чамасында Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылында болуп, унаа ээси окуя болгон жерден качып кеткен. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, издөөнүн жүрүшүндө Honda Streem унаасынын ээси 30 жаштагы жергиликтүү тургун кармалды. Ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, унаасы айып пул төлөөчү жайга жеткирилген. Азыркы учурда экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.