Москвада Кыргыз жаранын сабаганга шектелип 6 адам кармалды, арасында жашы жете элек өспүрүм да бар

Москвада 19 жаштагы Кыргыз жаранын сабаган деген шек менен 6 адам кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, окуя 23-июлда түнкүсүн "Авиамоторная" метросунда болгон. Шектүүлөр мушташ орун алгандан кийин эле кармалышкан. Алардын көпчүлүгү 18-20 жаштагы студент балдар. Арасында жашы жете элек өспүрүм дагы бар экени айтылды.

Жабырлануучу баш сөөгүнөн жаракат алганы белгилүү болду. Ички иштер органдары окуя болгонун тастыктап, бирок толук маалымат беришкен эмес. Факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
imanchik
2017-07-25 11:04:29
Фашисттер кол салган го)
+2
grace
2017-07-25 11:08:46
Кечээ сайып өлтүрдү эле, бүгүн сабашты. Кыргыздар өз жеринде өз элинде жүрө турган күн качан келет экен...
+10
salimbek87.kg
2017-07-25 11:20:03
grace,СДПК ка жок болсо келет.
+7
jazgul81
2017-07-25 11:27:46
salimbek87.kg,СДПК нын кандай катышы бар????
-6
CEO
2017-07-25 12:04:01
jazgul81, кыргыздарды илгери Акаев тентитти эле, олкону булунтуп, кийин Бакиев, учурда Атамбаев менен анын СДПКсы...
+6
toktor89
2017-07-25 12:22:40
salimbek87.kg, СДПКканы туп тамыры менен жок кылыш керек.
+4
salimbek87.kg
2017-07-25 18:43:29
toktor89,эң туура колдоосун.
+2
nurbek11
2017-07-25 13:27:24
СДПК жок болсо эле дароо жашоо келип калбайт. Бизде бир эки адам же бир эки партиянын озгоруусу же алмашуусу эмес бутундой системанын озгоруусу керек. Система озгорбосо президенттин же партиянын озгоруусунон жашоо онолбойт. Эсиниздерде барбы 2005-жылы Акаев кетип Бакиев келгенде эл журт ушунчалык кубанган эртеси эле жашоо оноло тургандай. Андан кийин деле ошол эле система иштеп эл кундон кунго кыйналып жашоосу кыйындай берди. 2010-жылы Бакиев кетти Атамбаев келди бирок система ошол эле.
+2
Ago
2017-07-25 13:59:16
СДПК эмес кыргыздар озу куноолуу.Кандай коом болсо ошондой башкаруучу!Кыргыз менен кыргыз бир жерде ынтымактуу иштей албайт.Жеткен жерде ушак, чукумай, уурдамай,жамандамай, насвай тукурмой, согунмой,короалбастык,Жумуштан айдалса кыргыз кубанмай,башка улуттун тряпкасы кыргыз кыздар,кыргызга башка улут башкарбаса озунукун укпайт.Айта берсен толтура Качан онолосунар ошондо Кандай президент болбосун онолоберет КЫРГЫЗСТАН!
+7
Aleks75
2017-07-26 01:11:47
Ago, Туура айтасын...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан