Кечээ, 24-июлда Ош шаарындагы Ашимахунов көчөсү аркылуу агып өткөн Яккалик каналына 54 жаштагы аял киши каналдан суу алганы барып, агып кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 25-июлда кабарлады.
"Куткаруучулар окуя болгон жерге саат 7:30да чыгып кетишкен. Издөө иштери жүрүп, Кара-Суу районуна караштуу Нариман айылынан аялдын жансыз денесин табышып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.