Бишкек-Торугарт жолунда жүк ташыган унаа менен жеңил унаа бетме-бет сүзүшүп, эки адам жаракат алды. Бул тууралуу Чүй облустук Патрулдук милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, окуя 24-июль күнү Бишкек-Торугарт жолунун 114-чакырымында болгон. Анда Ысык-Көл облусунун 46 жаштагы тургуну МАН үлгүсүндөгү жүк ташыган унаасы менен чыгыштан батышты карай бара жатып, Хонда үлгүсүндөгү жеңил унаа менен бетме-бет сүзүшкөн. Натыйжада жеңил унаадагы айдоочу менен жанындагы жүргүнчүсү жаракат алып, Кемин райондук ооруканасына жаткырылган.
Ошондой эле аталган маалыматта дарыгерлер жабыр тарткан жеңил унаанын жүргүнчүлөрүнүн баш мээси чайкалгандыгын, бирок абалдары канааттандырарлык экени айтылат.