Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун Степное айылында массалык мушташта ок атылып, бир адам жабыркады. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Чүй ОИИББинин басма сөз катчысы Нурбек Токтосунов билдирди.
Анын айтуусуна караганда, окуя 23-июлдан 24-июлга караган түнү болгон.
"24-июлда саат 01:35тер чамасында Степное айылында чыр-чатак чыгып ок атылды деген маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу жөнөп, Степное айылынан чыгып келе жаткан 3 унааны токтотушат. Унаалардын ичинде Алексеевка айылынын 28 тургуну бар болгон. Алардын жанынан 1 ок атуучу мергенчилик курал табылган. Көрсө, окуя мындай болгон экен, 22-июлда Степное айылындагы тойдо алексеевкалык балдардын бири жергиликтүүлөрдөн алкоголдук ичимдик сураганда аны кагып коюшкан. Ага нааразы болгондор эртеси өз айылынын балдарын топтоп барышкан. Жыйынтыгында массалык мушташ чыгып, бир жаран октон жаракат алып жатат", - дейт Нурбек Токтосунов.
Жабыркаган жарандын жаракаты жеңил болгондуктан учурда үйүндө дарыланып жатканы белгилүү болду.
Андан сырткары кармалгандардын көпчүлүгү коё берилип, убактылуу кармоочу жайда 2 адам кармалып турганын, учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын кабарлады басма сөз катчысы.