Чүй облусуна караштуу Кемин районунда талаада 2 гектар аянттагы куураган чөп күйүп кетти. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова билдирди.
Анын айтымында, Кемин районунун Кашкелең айылында талаадагы чөптүн өрттөнгөнү тууралуу саат 15:00дөр чамасында билдирүү түшкөн. Кийин саат 16:00дөр чамасында толук өчүрүлгөн.
Ошондой эле ал учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталып жатканын билдирди.