17 жыл мурун, 2000-жылы 25-июлда Париждеги "Шарль де Голль" аэрпортунан учуп чыгып баратып, "Конкорд" авиалайнери кырсыкка учураган.
Air France авиакомпаниясына тиешелүү учак Париж-Нью-Йорк каттамы боюнча учмак. Учак ылдамдык ала баштаганда эле бир кыймылдаткычы күйүп баштаган. Экипаж учак абага көтөрүлгөндөн кийин кайра кондурууну пландаган. Бирок 2 мүнөттөн кийин аэропорттон алыс эмес жердеги мейманкананын имаратына кулап түшкөн.
Кырсыктын кесепетинен учактын ичиндеги бардык адамдар (100 жүргүнчү, экипаждын 9 мүчөсү) жана кырсык болгон жерде жүргөн 4 киши каза болгон.
25-июлдун жылнаамасы.