Орусияда 19 жаштагы Кыргыз жаранын сабоого шектелген алты студент кармалды. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазышты.
Маалыматка караганда, окуя 22-июль түнү Москва шаарынын "Авиамотор" станциясынын жер төлөсүндө болгон. Анда 19 жаштагы Кыргыз жаранын белгисиз адамдар сабап кетишкен. Анын баш мээси чайкалып, ооруканага түшкөн. Кийин кылмышка шектүү катары 18-20 жаштагы алты студент кармалган.
Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги Ч.М аттуу Кыргыз жаранынын абалы канааттандырарлык экенин билдирди.