Ысык-Көлдө "белгисиз адамдар уурдоого аракет кылышты" деген 24 жаштагы польшалык кыз арызын кайтарып алды

Ысык-Көлдө "белгисиз адамдар уурдоого аракет кылышты" деген 24 жаштагы польшалык кыз арызын кайтарып алды. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Ысык-Көл ОИИБинен билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 23-июль күнү саат 07:00 чамасында Ысык-Көл районундагы Сары-Ой айылынын аймагында болгон.

"24 жаштагы Польша жараны Агнешка Квечендин (сүрөттөгү кыз) айтымында, 23-июль күнү эртең менен "Кайнар" булагынан чыгып, жумушка бармак. Жолдо белгисиз унаа токтоп, ичиндеги эки бала аны белгиленген жерге чейин жеткирип коюшарын айткан. Бирок ал макул болгон эмес. Ошол учурда алар күчтөп унаага салуу аракетин көрүшкөн. Белгисиз адамдардан араң кутулган чет элдик кыз жолдо келе жаткан башка унааны тосуп, жумушка чейин жеткирип коюшун өтүнгөн. Жолдо баратканда унаанын ичиндегилер тарабынан да коркутууга дуушар болгон", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинен.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы унаанын ичиндегилердин өздүгү такталганын жана аталган факт боюнча териштирүү иштери жүрүп жатканын билдиришти.

"Кечээ, 25-июль күнү "24 жаштагы польшалык кызды уурдоого аракет кылды" деп шектелгендердин аты-жөнү такталып, тергөө бөлүмүнө жеткирилген. Алар чет элдик жаранды уурдоого аракет кылуу, коркутуу фактысы болбогонун жана тил билбегендиктен ортодо түшүнбөстүктөр келип чыкканын айтышууда. Бүгүн эртең менен Польша жараны Агнешка Квечень милицияга жазган арызын кайтарып алып, эч кандай доосу жок экенин айтты", - дейт Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
AKCAHAT
2017-07-26 10:54:49
кучу аялга жетет бир эле)))
+4
Syn4y
2017-07-26 11:11:20
polwalyk kyzdar menen da *** kylyp korolu dewse kerek da
+4
Arlenchik
2017-07-26 11:11:42
Андай жапайыларды жазага тартып эсине келтиргиле, адамдарга озгочо аял затына кандай мамиле кылышты билип алышсын, жакшылык кылуу колунан келбесе унчукпай отуп кетишпейби, алсыз кыздан кучун чыгарбай акмактар.
+4
jbolotov
2017-07-26 11:28:20
Кыргызстанды уят кылышыптырда ***.
+3
jbolotov
2017-07-26 11:32:50
Президенттин пресс- конференциясында Атамбайга Супер Инфонун журналисти суроо берген экен,журналистинерда, Атамбайда экообу тен балп этишиптир ошол журналистинер не себептен иштен кетти? Корсотмо болдубу же эркин жазуу болбой калганбы?
+3
kechirmeni
2017-07-26 11:55:25
Урматтуу админ суроттогу кыз ошол кызбы
0
admin_superstan
2017-07-26 12:22:22
kechirmeni, саламатсызбы? Ооба, ошол кыз.
0
kechirmeni
2017-07-26 12:26:40
admin_superstan,Рахмат, кызда да бар экен анда,жаштар эмес чалдар да кызыга тургандай болуп алыптыр. Озунон корсун, кочого башкаларды кызыктырбай жабыгыраак кийинип чыгышы керек да. Мындан кийинкисине сабак болсун эми
+1
Munar8625
2017-07-26 12:12:53
Кыз дадил екен
-4
kechirmeni
2017-07-26 12:45:45
Munar8625,Бул турушунда сен дагы белгисиз адамдардын катарын толуктамак экенсин
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан