Бишкектеги Аалы Токомбаев көчөсүндө жол кырсыгы катталып, жөө жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИБинин Патрулдук милиция башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Аалы Токомбаев көчөсүндө Форд Транзит үлгүсүндөгү унаа жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти. Окуя 25-июль күнү түнкү саат 23:45тер чамасында орун алган. Унааны башкарып бараткан 1985-жылы туулган К.В аттуу айдоочу чыгыштан батыш тарапты көздөй бара жатып, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден 1987-жылы туулган Бурул Тыналиева аттуу кызды сүзүп кеткен. Кырсыкка кабылган кыз окуя болгон жерден каза болгон. Айдоочу текшерүүгө алынып, анын спирт ичимдигин ичпегени аныкталган", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, кырсыкка шектелген айдоочунун унаасы айып аянтына жеткирилген. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.