Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычына 34 жаштагы жаран чөгүп кетти. ӨКМнын Баткен облусундагы башкармалыгынан SUPER.KG'ге кабарлашкандай, чөгүп кеткен адамдын жансыз денеси бүгүн эртең менен табылды.
"1983-жылы туулган райондун тургуну 25-июль күнү түнкү саат 22:10до суу сактагычтагы сууга түшүп жатып чөгүп кеткен. Бүгүн, 26-июлда куткаруучулар тобу тартылып, саат 09:10до чөгүп кеткен адамдын жансыз денесин суудан алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.