Чүйдө сарай өрттөнүп бир адам жабыркады

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Маловодное айылында сарай өрттөнүп, бир адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 25-июль күнү саат 16:00дөр чамасында Маловодное айылынын Украин көчөсүндө болгон. Анда аянты 10 чарчы метр жыгач устундуу шифер жабылган сарайдын чатыры, ичинде жыйылган 500 таңгак саман күйгөн. Өрттөн 58 жаштагы аял жабыркап, Сокулук райондук ооруканасына жеткирилген. Бирок ал ооруканага жатуудан баш тарткан. Андан сырткары аталган маалыматта учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталып жаткандыгы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Syn4y
2017-07-26 20:20:46
Оо маловодныйда Сары Бээ айылынан кочуп келгендер көп эле. Алардан эмес бекен деги
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан