Норвегияда 15 жашар өспүрүм кыз дүкөндүн сатуучусун бычак менен сайып өлтүрдү

Норвегиянын Кристиансанн шаарында 15 жашар кыз соода борборунун кызматкерине жана дүкөндө соода кылып жүргөн кызга бычак менен кол салды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазат. Норвегиянын полициясы билдиргендей, жабыркагандардын бири - 17 жаштагы кыз алган жаракатынан улам ооруканадан каза тапкан. Ал эми экинчи жабырлануучунун абалы белгисиз.

Эки адамга кол салган 15 жашар кызды полиция кызматкерлери ошол жерден кармашкан. Укук коргоо кызматкерлеринин берген маалыматы боюнча, өспүрүм кыз кароосуз балдарды тарбиялоочу атайын мекеменин тарбиялануучусу экени белгилүү болду. Окуяга күбө болгондор кыз соода борборуна кирип келгенде эле өзүн агрессивдүү алып жүргөнүн байкашкан. Ал кыйкырып, колундагы бычагын кезегенде дүкөндөгү кардарлар дүрбөлөң түшүп калышкан.

Полиция учурда жабыркаган жана каза болгон эки аял менен өспүрүм кыздын тааныштыгы болгонбу же жокпу, изилдешүүдө. Анын үстүнөн адам өлтүрүү жана адам өлтүрүүгө аракет жасоо беренелери боюнча кылмыш иши козголду.

"Акыркы учурда Норвегиядагы гезит беттеринен өспүрүмдөрдүн адам өлтүрүүсү башкы жаңылыктан түшпөй калды" деп жазат жергиликтүү маалымат булактары. Анда белгиленгендей, буга чейин, 2014-жылы интернаттын тарбиялануучусу 15 жашар кыз тарбиячысын бычактап салып, 9 жылга эркинен ажыратылган. 2016-жылы 15 жаштагы мектеп окуучусу өзүнүн курдашына бычак сайып өлтүргөн. Муну көрүп калган 48 жаштагы аялды дагы барып бычак менен сайып өлтүрүп койгон. Бул үчүн өспүрүм 11 жылга эркинен ажыратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
lsfayram22
2017-07-27 11:46:54
Брейвиктин карындаштарынанго чамасы...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан