Чүй жана Баткен облустарында жарандардын сууга чөгүп кетүү фактысы катталды. Издөө иштерине ӨКМнын куткаруучулары тартылган.
Маалыматка караганда, Аламүдүн районундагы Ленин айылындагы көлмөгө 1999-жылы туулган Ж. уулу С. 17:00 чамасында сууга түшүп жатып, чөгүп кеткен. Куткаруучулар жана суучулдар издөө иштерин жүргүзүшүп, саат 18:20да сөөгүн табышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Мындан сырткары Баткен районундагы Төрт-Гүл суу сактагычына 1983-жылы туулган эркек киши сууга түшүп жатып, чөгүп кеткен. 26-июль күнү издөө иштери улантылып, куткаруучулар тарабынан саат 09:10до жарандын жансыз денеси табылган. Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген.