Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр айылында сууга агып кеткен 14 жаштагы кызды издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Көкөмерен суусуна агып кеткен кызды издөөгө 7 куткаруучу чыгып, жергиликтүү тургундар менен биргеликте иш алып барышкан. Бирок издөө иштери натыйжасыз болуп өспүрүм кыз табылган эмес.
Эскерте кетсек, 20-июль күнү Суусамыр айылында Көкөмерен суусуна 14 жана 15 жаштагы эки кыз сууга агып кеткен. Жергиликтүү тургундар өздөрү издөө иштерин жүргүзүшүп, 15 жаштагы кыздын денесин табышкан. Ал эми 14 жаштагы кызды издөө иштери жүргүзүлүп жаткан.