Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 33 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 27-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 6, Чүй облусунда 19, Жалал-Абад облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Кемин районунда чөпкананын, убактылуу жашоочу үйдүн жана бастырманын чатыры, 220 түк чөп, 6 куб отун, 4 тонна кык күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна жаш балдардын от менен болгон шоктугу себеп болгон.