Казакстандын Алматы облусунда Жаркент шаарынан 10 чакырым алыс жерде учак кырсыкка учурап, 2 киши каза болду. Бул тууралуу казакстандык басылмалар бүгүн, 27-июлда жазып чыгышты.
"Бүгүн "Казавиа" авиакомпаниясына таандык ЯК 12 учагы Алматы облусунун Панфилов районундагы Шолакай айылына кулап түшүп, күйүп кеткен. Ал жүгөрү талаасында иштетилип жаткан. Учурда кырсык боюнча иликтөө иши башталды", - деп жазылат маалыматта.