Ушул жылдын 23-июль күнү Түп РИИБине Польшанын 36 жаштагы Михаил Барабаш аттуу жараны кайрылып, белгисиз адамдар велосипедин уурдап кетишкенин айткан. Чет элдик жарандын айтымында, досу менен бирге Түп районунун Сары-Тологой айылындагы токойдо чатыр тигип түнөшкөн. Эртең менен туруп велосипедин таппай калган.
Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, иликтөө иштери жүргөн.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин негизинде жоголгон велосипед суунун жээгинен табылды. Чет элдик жаран досу менен бирге суу жээгинде спирт ичимдигин ичишип, велосипедин кайсы жерге таштаганын унутуп койгон. Ал арыз жазуудан баш тартты. Чет элдик жарандарга "Өз буюмдарыңызга сак болуңуздар!" деп кайрылат элек", - дейт Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.