Канадалык ырчы Жастин Бибер унаасы менен фотографты сүзүп алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, окуя болгон маалдагы видеосу интернетке тарады.
Анда ырчы Калифорния штатындагы Беверли-Хиллз театрынан чыгып бара жаткан. Аны сыртта бир топ папараццичилер жана журналисттер күтүп жатышкан эле. Бибер театрдан чыгар замат унаасына отуруп, жолду көздөй айдап кокустуктан унаанын жанында турган 53 жаштагы фотографты сүзүп алган.
Видеодон ырчы дароо унаасынан түшүп фотографтын абалын сурап, укук коргоо органдары менен дарыгерлер келгенче анын жанында турганын көрүүгө болот. Көпкө күттүрбөй келген полиция кызматкерлери ырчыны суракка алып, ошондо эле коё беришкен. Ал эми фотограф олуттуу жаракат албаганы айтылды.