Бүгүн, 27-июлда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда мурдагы депутат Райкан Төлөгөновдун иши боюнча соттук отурум уланды. Отурумдун жүрүшүндө жактоочу Сартбай Жайчибеков прокурор Баатырбек Доктурбековдун калыстыгына шек санап, ага ишеним көргөзбөө өтүнүчүн берди.
“Мамлекеттик айыптоочу Төлөгөновго шек келтирип "Сен кимсиң?" деп ордунан тура калып, Юсуповдун жалган көрсөтмөсүн айтуусуна шарт түзүп берүүдө. Ошондуктан прокурорду соттук процесстен четтетүүнү суранам”, - деди Жайчибеков. Бирок сот ал өтүнүчтү канааттандырган жок.
Бүгүнкү сотто абакта отурган Абдулла Юсупов көрсөтмө берди. Ал бир канча жолу Райкан Төлөгөновдун Ак Үйдөгү иш бөлмөсүндө жолукканын айтты. Бирок иш бөлмөсү кайсы кабатта экенин айта алган жок.
“Юсупов мени менен бир тууган болуп кеткенин айтты. Бирок мен бул кишини өмүрүмдө үч жолу эле көргөм”, - деди Төлөгөнов.
Ал эми экинчи күбө Дастан Оморов иш боюнча эч кандай маалыматтарды айтууга даяр эмес экенин билдирип, көрсөтмө берүүдөн баш тартты. Дагы бир күбө Азамат Шергазиев болсо эч кандай көрсөтмө бере албасын айтты.
Кийинки соттук отурум 2-августта уланмай болду.