Баткенде сууга аккан баланын жансыз денеси Төрт-Гүл суу сактагычынан табылды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 27-июль күнү саат 18:20 чамасында 1996-жылы туулган У.А. аттуу бала Төрт-Гүл суу сактагычына куюучу каналга түшүп жатып, агып кеткен. 8 куткаруучу издөө иштерин жүргүзүп, саат 19:35те сууга чөккөн баланын жансыз денесин Төрт-Гүл суу сактагычынан табышкан.