Чүй облусунун Москва районунда "адам өлтүрүүгө аракет кылды" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 26-июль күнү Москва районундагы айылдардын биринде болгон. Анда 48 жаштагы К.К. аттуу жаран мас абалда мурдагы аялынын үйүнө барып, бейтааныш адам менен уруша кеткен. Андан соң ашкана бычагын алып, бейтааныш адамды бычак менен сайган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.
Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, 48 жаштагы К.Кны кармашкан. Учурда ал убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.