Кара-Көлдө "7 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаган" деп шектелген жаран кармалды

Кара-Көлдө "7 жаштагы кызга ыплас аракеттерди жасаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда SUPER.KG порталына Кара-Көл шаардык прокуратурасынан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 21-июль күнү саат 19:00 чамасында болгон. Анда 44 жаштагы К.Ж. 1-класста окуган кызды ээн жерге алып барып, ыплас аракеттерди жасаган. Кыз болгон окуяны чоң апасына айтып берген.

"Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, шектүү убактылуу 2 айга тергөө абагына киргизилди. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси "Ыплас аракеттер" менен кылмыш иши козголду", - деп билдиришти шаардык прокуратурадан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
aza84
2017-07-28 16:30:50
Ыплас болгондо эмне такымдаптырбы
0
tular
2017-07-29 01:26:39
aza84, Такымдаптырбы дегенди кантип тушунсо болот?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан