Бишкектен алысыраак Луч дачасында жайгашкан 2 бөлмөлүү үйдө баш калкалаган Малика Юсупова туруктуу турак жайы же жарандыгы жок бейрасмий жашап келе жатат. 2 жолу операциядан өтүп, төшөктө жатып калган каарманыбызды Айназик аттуу секелек небереси багат.
“Таенеме, бөбөгүмө тамак жасап берем, кир жууйм, үй жыйнайм, ойногонго убакыт деле калбай калат”, - дейт Айназик.
Каражаттын тартыштыгынан майыптардын арабасына да жете албай жүргөн Малика Юсупованын тагдырын “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№770, 4-август, 2017-жыл) окуңуз.