Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Беш-Бала айылындагы жол кырсыгынан көз жумган адамдар Сузак районуна караштуу Жалгыз-Жаңгак айылынын тургундары болгон. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз катчысы Самара Кыдырова билдирди.
"Жол кырсыгынын натыйжасында Жалгыз-Жаңгак айылынын тургундары Фольксваген Венто үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу 1997-жылы туулган М.Д., жүргүнчү 1997-жылы туулган М.Д. жана Хонда үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү 1995-жылы төрөлгөн М.М. окуя болгон жерден каза болушкан", - дейт Самара Кыдырова.
Ал эми ооруканага 3 адам жаткырылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, жабырлануучулардын абалы оор.
Эскерте кетсек, Сузак районунда 8-августтан 9-августка караган түнү саат 01:00дөр чамасында эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.