Сузактагы жол кырсыгынан жабыркаган үч адамдын бири ооруканадан каза болду

Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Беш-Бала айылындагы жол кырсыгынан жабыркагандардын бирөөсү көз жумду. Бул тууралуу SUPER.KG`ге Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын директору Жаныбек Карабаев билдирди.

"Жол кырсыгынан кийин оор жаракаттар менен ооруканага жеткирилген 17 жаштагы Раатбек Акматалиев кечээ, 9-август күнү саат 15:40та каза болду. Ошол эле окуядан жаракат алып ооруканага түшкөн дагы эки адам дарыланып жатат. Алардын абалын да оор деп баалоого болот", - дейт Жаныбек Карабаев.

Эскерте кетсек, 8-августтан 9-августка караган түнү саат 01:00дөр чамасында Сузак районунда эки унаа сүзүшүп, 3 адам каза болуп, 3 адам жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Sonyasonya
2017-08-10 10:21:29
Ажалдын артынан кууп бараткансып аййдашат айдоочулар. Жургунчулодун омуру учун да жоопкер экенин унутушпаса.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан