"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош-Исфана жолунда унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматына караганда, жол кырсыгы 9-август күнү саат 12:00 чамасында Ош-Исфана унаа жолунун 214-чакырымында болгон. Анда Мерседес Бенц 200 үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

"Унааны Баткен районунун Ак-Турпак айылынын тургуну 1968-жылы туулган Ж.М. башкарып бара жаткан. Ошондой эле унаанын ичинде Баткен шаарынын тургуну 1972-жылы туулган К.С. да болгон. Ал жол кырсыгы болгон жерден каза тапкан. Ал эми айдоочу облустук ооруканага жеткирилген. Азыркы тапта бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы.

Буга чейин окурман SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу кайрылып, Ош-Баткен унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болгонун билдирген эле.

Ош-Баткен жолундагы кырсык
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан