"Кытайга виза ачып берүү үчүн жарандардан акча алып, аларды алдап жүргөн" деп шектелген жаран кармалды

"Кытайга виза ачып берүү үчүн жарандардан акча алып, аларды алдап жүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, алдамчылыкка шектүү катары Ош шаарынын 34 жаштагы Р. М. аттуу тургуну кармалган. Ал Кызыл-Кыя шаардык ооруканасында дарыланып жатып, тургундарга өзүн Кытайда окуп, иштеп келген дарыгер катары тааныштырган. Андан соң алардан Кытайга виза ачып берүү үчүн акча алып, из жашырып кеткен.

"Кылмыш ишине шектелип кармалган тургун өзүн Азаматмын деп тааныштырып жүргөн. Ал социалдык түйүндөрдө башка бирөөнүн аты-жөнүн колдонуп келген. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө алдамчылык фактылары менен издөөдө жүргөндүгү аныкталды. Шектүүнүн үстүнөн 6 факт боюнча арыз катталган", - деп билдирди басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан