Ысык-Көл облусунда жол кырсыгы катталып, 2 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 10-августта Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, жол кырсыгы бүгүн түшкө маал Тоң районунун Бар-Булак айылында болгон. Анда Мерседес үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн.
"Мерседес үлгүсүндөгү унаанын биринде Ош облусунун Кара-Суу районунун тургундары болушкан. Унаанын ичиндеги 30-35 жаштагы келин жана 1 жаштагы кыз каза болду. Андан сырткары 5 адам Тоң райондук ооруканасына жеткирилген. Ал эми экинчи унааны Тоң районунун тургуну башкарып бара жаткан. Анын ичиндегилердин эч бири жабыркаган эмес", - дейт Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов.
Айта кетсек, кечээ, 9-августта да Ысык-Көл облусунда эки жол кырсыгы катталып, 4 адам көз жумган болчу.