Эки көзү тең көрбөгөн адам, учурда карагайга чыгып электр зымдарын улайт, чарыкка бычак курчутат. Көзү соо адамдарга караганда колу жөндөмдүү келген Анарбек мырза Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна караштуу Бөрү-Баш айылында жашайт.
“Эч кимден суранбай электр зымы тартылган карагайдын башына да чыгып, зымдарды тартып коём. Раковина, унитаз, колонка коюп, ысык-муздак суу чыгарып сантехникалык иштерди да жасайм”, - дейт каарманыбыз.
Алдыга чоң максат койгон көзү азиз жарандын тагдыры тууралуу “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№771, 11-август, 2017-жыл) окуңуз.