Быйылкы жай өзүнүн ысык аба ырайы менен өлкө тургундарын абасы салкын жерге, сууга жетеледи. Айрым жарандар эс алуу үчүн кереметтүү Ысык-Көлдү, абасы таза жайлоолорубузду тандаса, атактуулардын көпчүлүгү чет өлкөгө барып, черин жазышууда.
Ырчы Омар: "Эгерде менден “кайда барып эс алайын?” деп сурай турган болсо, “жакшы тамак-аш жегиң келсе Түркияга, шоппинг кылгың келсе Кореяга, шумдук унаа айдап, аттракциондорго түшкүң келсе Дубай же Америкага, жүрөгүң чарчап турса Меккеге бар” деген кеңешимди айтат элем", - дейт.
Ызы-чуудан алыстап, мээ сергитишкен башка атактуулар кандай эс алышты? “Супер-Инфонун” жаңы санынан (№771, 11-август, 2017-жыл) окуй аласыз.